Казакстандын 100 ооурканасына SMART-ЭКГ тиркемеси киргизилди

Казакстандын 100 ооурканасына SMART-ЭКГ тиркемеси киргизилди

Казакстандыктар жүрөктүн дистанциялык диагностикасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Smart-ЭКГ тиркемеси өлкөнүн 100дөн ашык клиникаларында ишке киргизилди. Уникалдуу медициналык системасы бар медициналык мекемелердин жарымы айыл жергесинде жайгашкан. Анын жардамы менен жүрөк-кан тамыр системасынын оорусуна чалдыккан алыскы калктуу конуштардын тургундарына дарыгердин жыйынтыгы тезирээк жетет. Башкача айтканда, онлайн режиминде түз смартфонго же почтага жөнөтүлөт.

Салтанат Ауталипова, функционалдык диагностика дарыгери:

Жарым жылдан бери Smart программасын колдонуп жатабыз. Бул аралыкта ал өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Бардык алыскы электрокардиограммалар дароо бул программага киргизилет. Ал жактан керектүү талдоодон өтүп, жыйынтыгы электрондук дарекке жөнөтүлөт. Айрыкча айыл жериндеги медайымдар үчүн алмаштырылгыс жардамчы. Акылдуу ЭКГ бейтапты тез текшерип, так диагноз коюуга жана зарыл болгон учурда ооруканага өз убагында жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Оорунун алдын алуунун же айыктыруунун бирден-бир жолу - эрте диагноз коюу. Убагында жасалган чарадан шыпаа көп болот дешет ак халатчан медиктер. Казакстандык ойлоп табуу ЭКГ диагностикасынын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен бирге, медициналык кароонун аталган түрүн жүргүзүүнүн сапатын жогорулатты.

Айдар Сапарова, долбоор жетекчиси:

Бул программалык камсыздоо Америкадан Кытай моделине чейинки ЭКГ аппараттарын өндүрүүчүлөр менен иштейт. Компьютерге уникалдуу драйвер орнотулуп, ЭКГ аппаратынын өзү бул драйвердин жардамы менен электрокардиографиялык сигнал аркылуу компьютерге кошулуп, натыйжасы монитордо көрсөтүлөт. Кийинчерээк жасалма интеллект ЭКГ экспертизасынан алынган бардык маалыматты иштеп чыгып, андан соң анын жыйынтыгын дарыгердин жеке кабинетине жөнөтөт.

Белгилей кетсек, долбоор Илим фондунун колдоосу менен каржыланып, ишке кошулган. 2021-жылдан бери Smart-ECG платформасынын иштеп чыгуучулары 250дөн ашык айыл жергесинде болушту. Бул убакыттын ичинде адистер миңдеген электрокардиограммалардын алыскы натыйжаларына таянышкан. Азыр бул заманбап санариптик чечим мүмкүн болушунча өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасына киргизилүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков