72 жаштагы казак саякатчысы Гиннес китебине кириши мүмкүн

72 жаштагы казак саякатчысы Гиннес китебине кириши мүмкүн

72 жаштагы саякатчы Сарсенбай Котырашев Гиннестин рекорддор китебине кире алат. Алты ай ичинде 8 миң чакырым жол басып, Казакстандын 20дан ашык шаарын кыдырып чыкты. Пенсионер мындай сапарды алты жыл бою кыялданган, бирок ага быйыл жазында гана чыгынып баштаган. Сапар учурунда Сарсенбай Котырашев өзүнүн кичи мекени тууралуу айтып, кол өнөрчүлөр менен таанышты. Жада калса устаттардын атайын каталогун чогултуп, эл аралык “ЮНЕСКО” уюмуна тапшырган.

Сарсенбай Котырашев, саякатчы:

- Казакстанда туризм өнүккөндүгүн өзүмдүн мисалым менен далилдегим келет. Ал эми келерки жылы жер шарын кыдырууну пландап жатам.

Бактияр Кожахметов, чөлкөм таанучу, марафон уюштуруучу:

- Гиннес рекорддор китебинин кызматкерлеринен сунуш алдык. Алар өз тизмесине Сарсенбай Котырашевдин атын киргизүүнү көздөшүүдө. Алардын айтымында, мынчалык карыган адам ушунча алыс жолду басып өткөн эмес. Бул биз үчүн чоң сыймык. Улуу тоону таанытуу маңыздуу милдет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков