«Эркиндик кербени» Брюсселге кире алган жок

«Эркиндик кербени» Брюсселге кире алган жок

Брюсселге бет алган «Эркиндик кербени» акциясына Франция, Нидерланды жана Германиядан келген жүздөгөн демонстранттардын жолун тартип сакчылары тосту. Падышалык полиция иш-чарага катышуучуларды шаардын кире беришиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен тосуп алып, шаардын четиндеги унаа токтотуучу жайларга багыттады. Жүк ташуучу унаанын айдоочулары Бельгиянын бийлиги тыюу салган нааразылык акцияларын Европалык институттар жана НАТОнун штаб-кеңсеси жайгашкан аймакта өткөрүүнү мерчемдеген. Деген менен Евробиримдик борборунун чок ортосуна нааразычылык билдирүүчүлөрдүн азы гана жетти. Брюсселдин негизги жолдорун тосмок түгүл, мерчемдери да ишке ашпай калды. Эске салсак, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары коронавируска каршы чектөөлөргө жана экономикалык каатчылыктын кесепеттерине каршы.

Жерар Грило, Франциядан келген митингчи:

- Дүйнө жүзү башынан кечирип жаткан абал жакшы эмес, муну баарына жеткирип, элдин аң-сезимин ойготкубуз келди.

Мари-Франц Ванде Кастель, Бельгиядан келген митингчи:

- Мен бул жакка неберелерим үчүн келдим. Өзүм вакцинага каршы эмесмин, бирок милдеттүү түрдө эмдөөгө каршымын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков