Казакстандын Президенти Жетису облусунун акимин кабыл алды. Бейбит Исабаев Касым-Жомарт Токаевге аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу баяндады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бардык негизги максаттуу индикаторлорго жетишилген. Аймакка 610 млрд теңге инвестиция тартылган, бул 2024-жылга салыштырмалуу болжол менен 13% көп. 2027-жылга чейин наркы 94 жарым млрд теңгени түзгөн 23 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылган. Алар бакма канаттуулар фермаларын, мал бордоп семиртүүчү жайларды, балык чарбаларын, күнөсканаларды уюштурууну көздөөдө. Өнөр жай тармагында акыркы үч жылда 29 жаңы ишкана ишке киргизилди. Ошондой эле аймакта инфраструктура өнүгүп жатат. «Талдыкорган – Үшарал» магистралдык газ кууру тартылып, 210 калктуу конуш көгүлтүр отунга жеткиликтүү болот. Президентке агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү планы да тааныштырылды. Айыл чарба өсүмдүктөрү, анын ичинде кант кызылчасы аянттары кеңейди. Аймактын туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иштер улантылууда. Алакөл, Балкаш жээктеринде туристтик объектилерге баруучу жолдор салынып, ичүүчү суу, электр тармагы, канализация системалары тартылды. Жээктерди бекитүү чаралары колго алынды.
Бейбит Исабаев, Жетису облусунун акими:
– Мамлекет башчысы облустун алдына эки негизги милдет
койду. Биринчиси, биздин облус Кытай Эл Республикасы менен чектешкендиктен, «Достук»
түйүнүндө жана «Хоргос» түйүнүндө атайын экономикалык аймактардагы ишти
натыйжалуу башкаруу. Экинчи маселе, облусубуздун ыңгайлуу табигый шарттарын
эске алуу менен, облуста туризмди өнүктүрүү темпин түзөтүүнү тапшырды. Айрыкча,
Алакөлдүн жээги, жаңыдан өздөштүрүлүп жаткан Балкаш көлүнүн жээги жана тоо
туризмин жигердүү өнүктүрүү боюнча биз конкреттүү иш алып барабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

