Казакстандын президенти Анталия дипломатиялык форумунун «Эртеңки күндү картага түшүрүү, белгисиздиктерди башкаруу» аттуу панелдик сессиясына катышты. Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк коомчулуктун алдында турган, эл аралык күн тартибин түзүп жаткан негизги тенденциялар жана чакырыктар боюнча өзүнүн көз карашы менен бөлүштү. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө аймактык чыр-чатактар белгилүү бир аймактардан алда канча алыска чыгып, глобалдык мүнөзгө ээ болуп жатканын баса белгиледи. Эл аралык аренада БУУ алмаштырылгыс, универсалдуу уюм болуп саналганы менен, азыркы заманга туура келбеген эскирген көз караштардан арылуу менен аны түп-тамырынан бери реформалоо зарылчылыгы келип чыкты. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, бул процесстин негизги элементи Коопсуздук Кеңеши болуп саналат. Мамлекет башчысы БУУнун жана башка эл аралык институттардын келечеги боюнча өзүнүн көз карашын билдирди. Ал чыр-чатактарды алдын алууда дипломатиянын маанилүү ролун белгилеп, чыр-чатактарды болжолдоо боюнча чараларды түзүү зарылдыгын билдирди. Мындан тышкары, Казакстандын президенти Жакынкы Чыгыштагы окуяларга өз баасын берди. Анын пикиринде, сүйлөшүү процессинин негизги маселелерине көңүл буруу зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

