Касым-Жомарт Токаев менен Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И жолугушту. Алар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо келечегин талкуулады. Ошондой эле өкмөттөр аралык мамилелерди кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Мамлекет башчы жолугушууда Кытай дипломатиясы дүйнөлүк саясатта абдан маанилүү роль ойнооруна токтолду. Анын айтымында, Кытайдын демилгелери глобалдык күн тартибине таасир этип, эл аралык тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого чоң салым кошот.
Касым-Жомарт Токаев Кытай товарларды өндүрүү жана экспорттоо, технологиялык инновациялар, экономикалык өсүш, эл аралык инвестиция сыяктуу көптөгөн тармактарда алдыңкы өлкө экенин белгиледи. Президент БУУ, ШКУ, Азиядагы өз ара кызматташтык жана ишеним чаралары кеңеши сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы казак-кытай мамилелерине жогору баа берди. Өз кезегинде Ван И мамлекет башчысына казак жеринде көрсөткөн сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирип, КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин жакшы каалоо-тилектерин жеткирди. Казакстандын президенти Си Цзиньпиндин Астанага боло турган мамлекеттик сапарына чоң үмүт артып жатканын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Казакстан Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү жана ошол бойдон кала берет. Мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Чындыгында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин, кызматташтыктын келечеги чоң.
Которгон: Илгиз Жамалбеков