Касым-Жомарт
Токаев Азербайжандын Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет
башчысы Илхам Алиевди Вашингтондо Азербайжан менен Армениянын ортосундагы
чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча тарыхый Декларацияга кол
койгону менен куттуктады. Казакстандын Президенти баса белгилегендей, бул
документ эл аралык укуктун принциптерине жана БУУнун резолюцияларына ылайык кол
коюлган. Демек,
Азербайжан менен Армениянын стратегиялык кызыкчылыктарына толугу менен жооп
берет. Ошондой
эле Кавказда кеңири эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Биздин
өлкө Азербайжандын стратегиялык өнөктөшү катары аймакта көптөн күткөн
тынчтыктын орношун чын жүрөктөн кубаттайт.
Которгон: Назира Бегалиева

