Мамлекет башчысы премьер-министрдин орун басары Канат Бозымбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы премьер-министрдин орун басары Канат Бозымбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысына премьер-министрдин орун басары Канат Бозымбаев Региондук стандарттар системасын киргизүү боюнча баяндама жасады. Бул облустар арасындагы жана аймак ичиндеги инфраструктурага жеткиликтүүлүктө байкалган теңсиздикти азайтууга, калктуу конуштарды өнүктүрүүнү натыйжалуу пландаштырууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн республикада аймактык саясат боюнча долбоордук кеңсе түзүлдү. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаевге энергетикалык жана коммуналдык секторлорду жаңыртуу боюнча Улуттук долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө маалымат берилди. 86 миң чакырым коммуналдык тармактын курулушу жана жаңыртуу иштерине ата мекендик товар өндүрүүчүлөр тартылат. Президент региондорду тең салмактуу өнүктүрүү маанилүү милдеттердин бири экенин белгилеп, бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков