Казакстанда
жаңы шаар пайда болду. Президент Алматы облусунун административдик-аймактык
түзүлүшүн өзгөртүү боюнча токтомго кол койду. Ошентип, Жетиген айылы райондук
маанидеги шаар макамын алып, Алатау деп өзгөртүлдү. Улуттук экономика
министрлиги билдиргендей, жаңы шаарды түзүү инвестицияны, технологияны тартууга
жана ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүп, аймактын экономикалык туруктуулугун
жогорулатууга салым кошот. Айта кетсек, Алатау шаарынын бардык аймагы жана Конаев
шаарынын бир бөлүгү атайын экономикалык аймакка кирет. Мында кызматтын 17
артыкчылыктуу түрү боюнча 170тен ашык долбоорду жайгаштыруу пландаштырылууда. Алардын
жалпы суммасы 12,5 триллион теңгени түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков