БУУ Башкы Ассамблеясы аймактык борборун Алматыда ачуу тууралуу токтом кабыл алды

БУУ Башкы Ассамблеясы аймактык борборун Алматыда ачуу тууралуу токтом кабыл алды

Алматыда БУУнун Борбор Азия жана Ооганстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык борбору ачылат. Башкы Ассамблея тиешелүү резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Белгилей кетсек, Казакстан аталган документти аймактагы өлкөлөрдүн атынан демилгелеген. Уюмга 152 мүчө мамлекет резолюцияны автору катары колдошту. Бул өз кезегинде демилгенин жогорку маанисин жана кеңири эл аралык консенсусту көрсөтөт. Президент Касым-Жомарт Токаев колдоо көрсөткөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Анын пикири боюнча, аймактык хаб эл аралык аракеттерди координациялоо үчүн маанилүү аянтча болуп калат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков