Ата-бабалардын музыкалык мурасын сактоо жана жайылтуу. Жетигенде ойноо өнөрүн мыкты өздөштүрүүгө умтулган казакстандыктар көбөйүүдө. Өлкөнүн түндүгүндө улуттук аспаптын бардык татаал сырларын өздөштүргүсү келгендерди үйрөтүү үчүн атайын ийримдер ачылып жатат. Алардын бирин Айнагүл Темирханова жүргүзөт. Мектеп мугалими байыркы аспапты өз алдынча өздөштүрүп, азыр жаштарга кубануу менен үйрөтүүдө.
Айнагүл Темирханова, Жетиген ийриминин жетекчиси:
- Үч айлык онлайн курста окудум. Буга чейин сабактарда балдарга өзүм айтып, сүрөттөрдө гана көрсөткөнүм болбосо, колума аспапты кармаган эмесмин.
Эски обондор чындап эле угармандарды өзүнө тартып турат. Анда кылымдардын тереңдиги сезилет. Окуучулардын көбү жетигендин мукамдуу үнү тууралуу дал ушундай айтышат.
Жансая Амангелди, окуучу:
- Жетигенди укканда казак маданиятынын, тарыхынын толук кудуретин сезүүгө болот. Менин оюмча, каалаган адам жетигенди үйрөнсө болот. Азырынча мен беш бөлүгүн үйрөндүм. Анын экөө ыр, ал эми үчөө күү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков