Казакстан
менен Жапония
диалогу эки тараптуу мамилелердин жогорку
деңгээлине эбак эле жеткен.
Күн чыгыш өлкөсү жана Казакстан Борбордук Азия үчүн «С5+1» форматын 2004-жылы биринчилерден
болуп сунуштаган.
Азыр болсо мындай форматтын
саны 11ге жетти. «Борбордук Азия + Жапония» жолугушуусу
биринчи жолу борборазиялык бешилик лидерлеринин жогорку деңгээлинде өткөнү –
бул тарыхый окуя, деп эсептешет саясат таануучулар. Саммит аймактагы
экономикалык жана өнөр жай байланыштарын бекемдөөгө жана жаңы соода жолдорун
түзүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада туризм жана маданий алмашуу да өнүгөт.
Асыл
Тулеубеков, MNUнун профессору:
- Казакстан, жалпы эле Борбордук Азия өлкөлөрү дүйнөлүк
коомчулук үчүн экономикалык мааниде абдан актуалдуу. Эмне үчүн? Себеби, бүгүнкү
күндө биздин абдан маанилүү кошунабыз Кытай континенттик соода жолдорун
өнүктүрүүдө, ал жалпысынан Ыраакы Чыгышты, Кытайды, Жапонияны, Кореяны,
Түштүк-Чыгыш Азияны Европа жана Америка рыногу менен байланыштырат. Биздин өлкө
көптөгөн эл аралык мамилелерде негизги, геосаясий ролду ойнойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

