Казакстан Президентинин БУУнун колдоосу астында Эл
аралык суу уюмун түзүү демилгеси — өз убагында көтөрүлгөн кадам. Мындай пикирди
эксперттер жана эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрү билдиришүүдө. Атап айтканда, Астанада өткөн Регионалдык экологиялык
саммитте Дүйнөлүк банктын айлана-чөйрө маселелери боюнча мудүру Валери Хики
белгилегендей, Казакстан масштабдуу климаттык милдеттерди практикалык
чечимдерге айлантып, региондо күчтүү лидерликти көрсөтүп жатат. Бул ыкма Борбор
Азия үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн маанилүү. Бириккен Улуттар Уюмунун
болжолдоосу боюнча, ушул тенденция уланып турса, 2030-жылга чейин дүйнө жүзү
боюнча таза сууга болгон суроо-талап суунун жеткиликтүү көлөмүнөн 40 пайызга
ашып түшөт, ошондуктан
глобалдык диалог жана бирдиктүү чечимдер үчүн мындай аянтча бүгүнкү күндө
өзгөчө актуалдуу.
Валери Хики, дүйнөлөк банктын айлана-чөйрө
маселелери боюнча мүдүрү:
– Суу - биздин жалпы ресурсубуз.
Биз дарыялар, жерлер, океандар жөнүндө сөз кылып жатабыз, жана бул маселелер
бир өлкөнүн чек аралары менен эле чектелип калбайт. Ошондуктан бул жерде
биргелешип башкаруу маанилүү. Казакстан мына ушуга көңүл бурууну сунуш кылат.
Биз Регионалдык экологиялык саммиттеги диалогдун жыйынтыктарын жана анын мындан
аркы өнүгүүсүн кунт коюп карап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

