Астанада ЖККунун алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланды

Астанада ЖККунун алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланды

Астанада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик-экономикалык кызматташтыгы боюнча маселелер Мамлекеттер аралык комиссиянын 23-жыйынында каралды. Делегация өкүлдөрү белгилегендей, бул тармактагы өз ара аракеттенүү коллективдүү коопсуздуктун жана Уюмга катышуучулардын коргонуу дараметин жогорулатуунун негизги элементи болуп саналат. Жыйындын жүрүшүндө келерки жылдын кулжа айында Минск шаарында ЖККУнун экинчи аскердик-экономикалык конференциясын өткөрүү демилгеси колдоого алынды. Ошондой эле, Жеңиштин 80 жылдыгына карата делегация башчылары курман болгон баатырлардын элесине арналган «Мекен коргоочулар» монументине гүл коюшту.

Аян Ислямов, Коргоо Министрлигинин Аскердик-Техникалык саясат департаментинин башчысы:

- Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында өткөн мурунку жолугушуунун чечимдеринин аткарылышы талкууланып, комиссиянын 2026-жылга карата планы бекитилди. Өзгөчө көңүл ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмин өркүндөтүү маселелерине бурулду. Жыйын жогорку ишеним атмосферасында өттү, бул бардык катышуучулардын практикалык кызматташууга даяр экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков