«Өткөндөн келечекке». Борбор калаада Qazaq Olympic
Style көргөзмөсү ачылды. Ага коюлган экспонаттардын арасында Сидней Олимпиадасынын
чемпиону Ольга Шишигинанын тарыхый спорттук формасы, өлкө тарыхында биринчи
жолу лыжа тебүү боюнча Олимпиада оюндарына катышкан Чыңгыз Ракпаровдун спорттук топтому жана 1980-жылдагы Олимпиадага катышкан ата мекендик
спортчулардын кол койгон уникалдуу
такта бар.
Уюштуруучулардын айтымында, өлкөнүн атактуу спортчуларынын эл аралык
мелдештерде кийген кийимдери, спорттук шаймандары менен тарыхый фото-сүрөттөрүнөн
казак спортчуларынын Олимпиада оюндарындагы эмоцияларын сезүүгө болот.
Лея Хамитова, уюштуруучу:
- Биз
эч кимде жок фото-сүрөттөрдү жана спорттук
формаларды ала алдык. Мисалы,
анын ичинде Олимпиада
чемпиону Ольга Рыпакованын жарышка чыккан кийимдерин, бут кийимдерин да ушул
көргөзмөгө коюп жатабыз. Белгилүү болгондой, жеңил атлетика боюнча спорттун бул түрүндө узундукка
секирүүдө алтын медаль алган жалгыз спортчу. Ошондой эле,
2006-жылкы Турин Олимпиадасынын кадрларын да көрүүгө болот. Анын өзгөчөлүгү -
Dolce & Gabbana-нын өзү биздин спортчуларыбыздын формасын жогору
баалаган. Ушунун баарын биздин көргөзмөдөн көрүүгө болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков