Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу боюнча кызматташтыгы. Казакстан Тажикстандан айыл чарба талааларын сугаруу үчүн 500 миллион куб метрге жакын суу алды. Бул быйылкы жылга белгиленген көлөмдөн 45 миллион кубометрге көп. Суу мамлекеттер аралык “Достук” каналы аркылуу жиберилди. Эскерте кетсек, чын куран айынан бери Өзбекстандан Сырдарыя аркылуу өлкөгө 4 миллиард куб метрден ашык суу жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстанга Шу дарыясы боюнча 180 миллион куб метр, Талас дарыясы боюнча эки эсе көп суу жөнөтүү боюнча келишимге кол коюлду.
Алмас Мусабеков, Суу ресурстары жана ирригация министрлиги башкармасынын башчысы:
– Министрлик түштүк аймактарын суу менен камсыз кылууда коңшу мамлекеттер менен активдүү кызматташып келет. Ал эми Тажикстан Борбор Азиянын бардык мамлекеттери сыяктуу эле биздин өлкө үчүн маанилүү өнөктөш. Ошондуктан министрлик суу ресурстарын башкаруу жана сактоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө басым жасайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков