Казакстандын Президенти жана Түркмөнстандын Калк Маслахатынын төрагасы Кожа Ахмед Яссауинин күмбөзүндө болушту

Казакстандын Президенти жана Түркмөнстандын Калк Маслахатынын төрагасы Кожа Ахмед Яссауинин күмбөзүндө болушту

Түркмөнстандын Калк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Казакстанга келди. Түркестан аэропортунда жогорку даражалуу мейманды мамлекет башчысы өзү тосуп алды. Касым-Жомарт Токаев менен Гурбангулы Бердымухамедов Түрк дүйнөсүнүн руханий жана тарыхый-маданий жайларынын бири – Кожа Ахмед Яссауинин күмбөзүндө болушту. Эскерте кетсек, ал ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Касым-Жомарт Токаев менен Гурбангулы Бердымухамедов «Азрет-Султан» коругунун аймагындагы «Этноайыл» комплексинде болушту. Аларга улуттук тамак-аштар жана токуучулардын, зергерлердин, карапачылардын эмгектери көрсөтүлдү. Ошондой эле меймандарга казактын үрп-адаттарына, ырым-жырымдарына арналган театрлаштырылган оюн-зоок сунушталды. Андан кийин Касым-Жомарт Токаев менен Гурбангулы Бердымухамедов Turkistan visit centrге барышты. Алар 27 гектар жерге археологиялык казуу иштери аяктаган Күлтөбе байыркы конушун өнүктүрүү жана көрктөндүрүү, жерди музейлештирүү долбоорлору тууралуу маалымат алышты. Жогорку даражалуу конокторго кол өнөрчүлөр борборунун концепциясы тааныштырылды, анын ачылышы жакын арада мерчемделүүдө. Бул жерде чеберканалар, улуттук гастрономиялык борборлор, Чыгыш базары жана мейманканалар жайгашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков