Женевада түрк дүйнөсүнүн жумалыгы өттү

БУУнун Женевадагы штаб-квартирасында Түрк дүйнөсү көргөзмөсү өттү. Анда маданий артефакттар, кол өнөрчүлүк буюмдары, Казакстандын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Түркиянын жана Түркмөнстандын белгилүү кыл калем чеберлеринин сүрөттөрү жана картиналары тартууланды. Элдердин бай жана көп түрдүү маданий мурастары менен түрк цивилизацияларынын тарыхый салымын көрсөткөн көргөзмө Түрк жумалыгынын алкагында өттү. Иш-чарага дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, Түрк жумалыгынын маданий программасынын алкагында конференциялар, фото көргөзмөлөр, ошондой эле, түрк дүйнөсүнүн өнөр жамаатынын катышуусунда концерт уюштурулду.

Кубанычбек Өмүралиев, Түрк мамлекеттери уюмунун баш катчысы: 

 Түрк жумалыгы программасын баштоо чечими өткөн жылы Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен болгон талкуудан кийин кабыл алынган. Иш-чараны өткөрүү тапшырмасы Уюмдун мамлекет башчылары тарабынан былтыр жетинин айында Астанада өткөн саммитте берилген. Түрк жумалыгы программасы түрк маданиятын жайылтууга багытталган, ал катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдейт. Келечекте мындай иш-чараларды дүйнө жүзү боюнча дагы көп өткөрүүнү көздөп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков