Silk Way Star долбоорунда 8 катышуучу калды

Silk Way Star долбоорунда 8 катышуучу калды

«Silk Way Star» сынагынын кезектеги тандоо туру аяктады. Бул музыкалык таймаштын 8-саны. Бул жолу өнөрпоздор «Голос», «Евровидение» сыяктуу эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрүнүн жылдызын жандырган ырларды аткарышты. Калыстар малайзиялык Язмин Азиздин өнөрүнө жогору баа беришти. Тажикстан өлкөсүнөн келген Фахриддин Хакимов кооптуу аймакка түшүп, долбоордон чыгып кетүүгө аз калды. Бирок Кытай атынан казылык кылып отурган төрага ага вето коюп, долбоордо калтырды. Белгилей кетсек, мындай укук уюштуруучу өлкөлөргө, тагыраак айтканда, Казакстан менен Кытайга гана берилген.

Хун Бин, Silk Way Star сынагынын калыстар тобунун мүчөсү:

- Мен Фахриддиндин дал ушул сынакка даярданганын көрдүм. Ал абдан эмгекчил, бул кезеңге обондуу жана уккулуктуу ыр даярдады. Бүгүнкү сахнадагы өнөрү да абдан жакты. Анын эмгегин баалап, дагы бир мүмкүнчүлүк беришибиз керек деп чечтим. Өтө таланттуу өнөрпоз. Сахнада айтканым чын жүрөктөн чыккан сөз. Финал жакындаган сайын, бир үй-бүлөдөй болуп кеттик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков