«Астана Опера» театрынын Азербайжан мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын сахнасында койгон гала-концерти аншлаг менен аяктады. Артисттердин өнөр көрсөтүүсү эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата уюштурулду. Казак артисттери дүйнөлүк операларды жана симфониялык чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле казактын элдик музыкасы сунушталып, элге өзгөчө сезим тартуулады. Бакудагы гала-концертте көпчүлүктүн назарына Мухамеджановдун «Айсулу» операсынан Серкенин Каватинасы, Мукан Төлебаевдин «Биржан-Сара» операсынан айтыш, Моцарттын «Сыйкырдуу флейта» операсынан Түнкү ханышанын ариясы тартууланды. Спектаклди дирижер Руслан Баймурзин жетектеген хор жана симфониялык оркестр коштоду.
Руслан Баймурзин, дирижер:
Биз менен театрдын эң сонун солисттери келишти. Алардын ар бири Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаттары. Пандемиядан кийин бул толук курам менен биринчи жолку чоң саякат. Ооба, 140тан ашык адам. Алар оркестр, хор, солисттер, гримерлор, костюмерлер, техникалык кызматкерлер.
Гүлдана Алдадосова, «Астана Опера» театрынын солисти:
Буга чейин да Алматыда концерт койгонбуз. Мааракелик концертти бердик. Бул менин алгачкы сапарым, ошондуктан кубанычымда чек жок. Казакстан менен Азербайжан Чыгыш өлкөлөрү, түрк тилдүү мамлекеттер. Тилибиз, маданиятыбыз окшош, биз дагы мусулман өлкөбүз. Менимче, эки өлкөнүн ортосунда окшоштуктар көп.
Алдыда Минсктеги гастролдук турлар күтүп турат. Астана Опера Беларустун академиялык улуттук театрынын сахнасында Джоаккино Россининин Жибек тепкич опера-фарсын тартуулайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков