Казак адабиятынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Абиш Кекилбай уулунун туулганына быйыл 85 жыл толот. Анын ысымы жаш кезинен эле адабият дүйнөсүнө таанылган. Эл арасында автордун "Шыңгыроо" повести жана "Үркөр", "Илең-алаң" романдары белгилүү. Даанышман жазуунун ысымы 2019-жылы Маңгыстау облустук тарых-чөлкөм таануу музейине ыйгарылган. Ошондой эле жазуучу үчүн көргөзмө залы бар. Анда жазуучуга таандык 380ден ашуун баалуу экспонаттар коюлган. Алардын арасында жазуучунун үйүнүн ички көрүнүшү, китептери, кол жазмалары музейге келгендер арасында өзгөчө популярдуу.
Нургул Жолжы кызы, Абиш Кекилбай уулу атындагы Маңгыстау
облусттук тарых-чөлкөм таануу музейинин бөлүм башчысы:
- Бул
инсан саякат баянын жазган. Музейде Жапонияга болгон сапардан "тырау-тырау
турналар" саякат баянынын кол жазмасы жана "уя менен жебе"
сапарынын кол жазмасы сакталган.
Акын Едилбек Дүйсен Абиш Кекилбаевдин чыгармаларын бала кезинен окуп
чоңойгон муундун өкүлү. Ал Абиш атанын айрым чыгармаларын бир нече ирет
кайра-кайра окуп чыккан. Мунун
аркасында ар бир чыгарманын руханий баалуулугун таанып-билүү багытын түшүндүм
дейт.
Едилбек
Дүйсен, акын:
- Абиш Кекилбаевдин
мейкиндиги миң катмар, сан боёк, мейкиндик. Бул казактын дүйнө
таанымы, Мангыстау легендалары, Адам психологиясы менен чырмалышкан зор
мейкиндик десе болот.
"Уламыштын аягы" чыгармасы, башкасын айтпаганда да өз ордун ээлеши
керек, казак адабиятын бир этапка айландырганы менен катар дүйнөлүк деңгээлде
бааланышы керек деп эсептейм. Анткени ал бир кезде немис тилине которулганда
немис окурмандарынан тышкары, адабий сынчыларына таасир калтырган чоң чыгарма
болгон.
Белгилей кетсек, калеми курч жазуучу эгемен элдин тарыхында да кол тамгасын калтырды. Ал саналуу өмүрүн өз өлкөсүнө кызмат кылууга арнаган ардактуу инсан. Абиш Кекилбай уулу - «Казакстандын эмгек баатыр» наамына ээ болгон алгачкы жазуучу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

