Бул толук метраждуу жана кыска метраждуу тасмалар, даректүү, көркөм жана анимациялык фильмдер. Мындан туура 62 жыл мурун, үчтүн айынын 9да Алматы көркөм жана документалдык фильмдер киностудиясы «Казакфильм» деп атала баштады. 1984-жылы киностудияга улуттук кинематографиянын көрүнүктүү ишмери Шакен Аймановдун ысымы ыйгарылды. Аталган аянтчада тартылган тасмалар жыл сайын эл аралык кинофестивалдардын түрдүү программаларына катышып келет.
Сергей Азимов, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:
Бүгүнкү күндө казак искусствосу менен маданиятынын бардык мыкты жетишкендиктерин жана жеңиштерин «Казакфильмсиз» элестетүү мүмкүн эмес. Бул бренд, мен ойлойм, бул аталыш, миллиондогон көрүүчүлөр үчүн кымбат. Ошондой эле, кесиптештерим калыптанып калган салтты туура сактап, кийинки муунга жеткирип, улантышат деп ишенем. Муну муундардын кезектешүүсү дейт.
Акыркы 30 жылдын ичинде «Казакфильмдин» 200дөн ашык тасмасы 300дөн ашык түрдүү сыйлыктарды жеңип алган. Өткөн жылы студиянын он бир көркөм, эки кыска метраждуу фильми, бир анимациялык жана бир документалдуу тасмасы эл аралык жыйырма жети кинофестивалга катышып, жыйырма сыйлыкка ээ болгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков