Бетачар адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын ЮНЕСКОнун репрезентативдик тизмесине киргизилди. Учурдагы казактын байыртадан келе жаткан кыз-жигиттин жакындары менен жолугушуу салты дүйнөлүк мураска айланды. Мындай чечим Парагвайдын борборундагы комитеттин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Казакстандын Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Адистердин айтымында, Бетачардын дүйнөлүк уюмдун тизмесине кириши казак маданиятына эл аралык көңүл бурууну арттырып, Казакстанда маданий туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Эске сала кетсек, азыр ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине өлкөдөн чүкө атуу, тогуз коргоол, домбра чертүү, Нооруз майрамы, казак күрөшү, ыр таймашы – айтыш кирет.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

