Р. Багланова атындагы эл аралык ыр сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Астанада Роза Багланова атындагы эл аралык сынактын финалдык этабы өттү. Ыр сынагынын финалчылары Казакстандын эл баатырынын урматына аталган борбордук концерттик залында өнөр көрсөттү. Ыйык сахнада таймашкан 16 катышуучу жүздөгөн талапкерлердин ичинен онлайн форматта тандалып алынды. Жыйынтыктоочу турга өткөндөрдүн көбү Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү. Мыктыларды аймактын белгилүү искусство коомчулугу баалашты. Оркестрдин коштоосунда ар бирине эки ыр аткаруу шарт. Алардын бири-Роза Багланованын чыгармасы болуусу керек. Айтылуу казак ырчысынын урматына арналган биринчи эл аралык искусство сынагынын байге фонду - 5 миллион теңге.

Аманжол Ескермесов, сынактын катышуучусу, Өзбекстан: 

– Роза апабыздын ырларын мен кичинемден угуп келем. Бардык ырларын ырдаганга аракет кылам. Булбул ырчы апабыздын ырларын ырдоо абдан кыйын. Анткени анын өзүнүн уникалдуу ыкмалары бар деп айтууга болот. Мен Өзбекстандан келдим, өзбек эли бул ырчы эжени жакшы билет. Советтер Союзунан бери келе жатат. Өзүнүн кайталангыс үнү бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков