Онлайн сессияга Казакстандын Тышкы иштер министри катышты. Мухтар Тлеуберди өз сөзүндө стратегиялык чабуул коюучу куралдар боюнча келишимди 2026-жылдан кийин кайра карап чыгууну сунуштап, бул маселени талкуулоо зарыл деп эсептей турганын баса белгиледи. Ал ошондой эле 5 держава мамлекеттин бир жыл мурунку өзөктүк согушту болтурбоо жөнүндөгү билдирүүлөрүн ырастоосу маанилүү экенин белгиледи.
Мухтар Тлеуберди, Премьер-министрдин орун басары, Тышкы иштер министри:
- Куралдуу кагылышуулар, өзөктүк куралдын эбегейсиз арсеналдары, кыйратуучу куралды колдонуу коркунучунун күчөшү дүйнөдөгү тынчтыкка коркунуч келтирүүдө. Ошондуктан өзөктүк куралга ээ мамлекеттердин өз ара диалогду кайра баштоосу абдан маанилүү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биологиялык коопсуздук боюнча атайын эл аралык орган түзүүгө чакырды. Эгерде долбоор ишке ашса, бул агенттик дүйнө жүзү боюнча биологиялык коопсуздукту бекемдейт деп ишенебиз.
Джеймс Ревилл, БУУ массалык кыргын салуучу куралдары жана космос коопсузугу программасынын башчысы:
- Дүйнө жүзү азыр ядролук куралсыздануу жана аны таркатпоо менен байланышкан маслелердин алдында турат. Ошондуктан, маселени чечүү үчүн өз ара диалогду күчөтүп, жаңы идеяларды сунушташыбыз керек. Бул жаатта Казакстан биологиялык куралсызданууга байланыштуу бир катар демилгелерди көтөрдү. Менимче, азыр бул сунуштардын аткарылышын жакшыртып, жүзөгө ашыруу жагын караштыруу керек деп ойлойм. Келечекте биокоопсуздук да, биологиялык куралсыздандыруу да маанилүү маселелерге айланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков