Казакстандык серепчилер: Мамлекет башчысы сунуштаган реформалардын социалдык мааниси чоң

Казакстандык серепчилер: Мамлекет башчысы сунуштаган реформалардын социалдык мааниси чоң

Казакстандыктар Касым-Жомарт Токаевдин парламенттин Мажилисинин жыйынында сүйлөгөн сөзүн кызуу талкуулап жатышат. Өз кезегинде серепчилер президент тарабынан сунушталган реформалардын социалдык жагын өзгөчө белгилешти. Казакстандыктарды колдоо фонду өлкөдөгү курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн эффективдүү механизми катары өзүнүн маанилүүлүгү боюнча уникалдуу долбоор болуп калууга тийиш. Мунун зарылдыгы эбак эле бышып жетилген. Ал эми мамлекет башчысынын чечими өз убагында кабыл алынды, - дейт Мыйзам чыгаруу жана укуктук маалымат институтунун мүдүрү Рамазан Сарпеков.

Рамазан Сарпеков, Казакстандын Мыйзам жана укуктук аппарат институтунун мүдүрү:

- Казакстанда көптөгөн фонддор бар, бирок аталган фонддор эл, студенттер, калктын аялуу катмары менен түздөн-түз иштеши керек. Аны дарылоого да жумшаш керек. Эмнесин жашырабыз? Кээде абдан оор жагдайлар пайда болот. Эл Саламаттыкты сактоо министрлигине жана башка мекемелерге кайрылып жатат. Анан акырында убакыт текке кетет. Мына ушундай маселелердин негизинде иш-аракеттердин программалары түзүлүп, башка саясий органдар тартылат деп ойлойм. Муну менен катар мен дагы абал жакшырат деп ишенем.

Ошол эле учурда мамлекет менен элдин тең укуктуу диалогу аркылуу социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу мүмкүн экенин президент бир нече жолу белгиледи. Жакында президент бардык жогорку кызматтагыларды аймактарга тез-тезден чыгууну тапшырды. Бул демилгени жарандык сектор да колдоого алды.

Төлеген Кунадилов, Нур-Султан шаардык «Ишканалар борбору» филиалынын жетекчиси:

Эми калк менен байланыш түзүү зарыл. Алар менен түз жолугуп, баарлашып, мамлекеттик саясатты, анын багыт векторун, мамлекет кайда баратканын жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен элге жеткирүү зарыл. Социалдык өнөктөштүк – бул абдан маанилүү диалог аянтчаларын түзүүгө керек болгон заманбап аянтча.

Которгон: Илгиз Жамалбеков