Парламент интеллектуалдык менчик маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизди

Парламент интеллектуалдык менчик маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизди

Казакстанда интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо механизмдери жакшыртылат. Сенат бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды бекитти. Документте тармак үчүн бирдиктүү санариптик платформаны киргизүү каралган. Ага менчик укуктарын жамааттык түрдө башкарган уюмдарга чогултулган, бөлүштүрүлгөн жана төлөнгөн сый акылар жөнүндө маалымат, ошондой эле башка бир катар милдеттер жүктөлөт. Башкача айтканда, жаңы платформа укуктарды жамааттык башкаруу системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылат. Мыйзам ошондой эле өлкөдөгү чыгармачыл тармактарды өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө, чыгармачылыкты жана инновацияларды стимулдаштырууга салым кошот.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын Төрагасы:

- Мындан тышкары, телерадиоберүү уюмдарынын эксклюзивдүү укуктарын тактаган нормалар бар. Соода белгисин каттоо үчүн зарыл болгон экспертизаны жүргүзүүнүн тездетилген жол-жобосу да каралды. Көрүүсү начар жарандар үчүн маалыматка жетүүнү камсыз кылуу маселеси көңүл сыртында калган жок. Жалпысынан алганда, мыйзам интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону жакшыртууга жана чыгармачыл экономика секторун өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп эсептейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков