Мамкеңешчи колдонуудагы жана жаңы Конституциянын айырмачылыктарын атады

Мамкеңешчи колдонуудагы жана жаңы Конституциянын айырмачылыктарын атады

Казакстандын Мамлекеттик кеңешчиси конституциялык комиссиянын сегизинчи отурумунда колдонуудагы Баш мыйзам менен жаңы долбоордун ортосундагы айырмачылыктарга токтолду. Ерлан Кариндин айтымында, жаңы документтин башкы артыкчылыгы анын мазмуну менен катар, баяндалуу тилинде болот. Мисал катары ал колдонуудагы Конституциянын бир нече беренесин атап көрсөтүп, түшүнүксүз сүйлөмдөр менен сөз айкаштары көп кездешкенин айтты.


Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи, Конституциялык комиссиянын төрагасынын орун басары:


- Колдонуудагы 1995-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын 13-беренесинин 1-пунктунда мындай деп жазылган: «Ар ким укук субъектиси катары таанылууга укуктуу жана өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин, зарыл коргонууну кошо алганда, мыйзамга каршы келбеген бардык ыкмалар менен коргоого акылуу». Мындан эмнени түшүнүүгө болот? Ашыра айткандык эмес, бирок 1995-жылы кабыл алынган колдонуудагы эски Конституция менен жаңы Баш мыйзамдын ортосундагы мазмундук, принциптик, маанилик, жаңычылдык, тилдик, редакциялык айырмачылык бир топ.


Которгон: Илгиз Жамалбеков