Казакстан менен Өзбекстан биргеликте Сырдарыя өзөнүнүн суусун эсепке алуу тутумун автоматташтырат

Казакстан менен Өзбекстан биргеликте Сырдарыя өзөнүнүн суусун эсепке алуу тутумун автоматташтырат

Казакстан менен Өзбекстан трансчегаралык суу булактарына карата өз ара кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүүдө. Тараптар Сырдарыя өзөнүнүн суусун эсепке алуунун автоматташтырылган системасын орнотууну макулдашышты. Тармактык мекеменин маалыматы боюнча, аталган бассейнде эсептегичтер орнотула турган 10 участок аныкталды. Бул үчүн эки өлкөдө тең беш-бештен аймак бекитилди. Алардын  эки тарап менен долбоордун техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу түзүлгөн. Бүгүнкү күндө жашоо булагын так эсепке алууну камсыз кылган заманбап тутумду ишке ашырган чет элдик компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Сауле Темирболотова, Суу ресурстары жана ирригация министрлиги эл аралык кызматташтык департамент башкармасынын жетекчиси:

- Бул ишке Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун GIZ  компаниясы тартылды. Өткөн жылы Казакстан тараптын макулдугу менен алар бул долбоор үчүн техникалык тапшырманы иштеп чыгышкан. Эми биз Өзбекстан тараптын макулдугун күтүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков