Мажилис үч жылдык бюджетти кабыл алды

Мажилис үч жылдык бюджетти кабыл алды

Мажилистин жалпы жыйынында үч жылдык жаңы бюджет кабыл алынды. Мыйзам долбоору өлкөнүн 2028-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунун негизинде иштелип чыккан. Ага ылайык, келерки жылдын чыгашасы болжол менен 24 триллион теңгени түзөт. Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 1,5 триллионго көп. Мындан тышкары, Улуттук фонддон 3,5 триллион теңгеден ашык трансферттерди тартуу көздөлүп жатат. Бул каражаттар социалдык маанилүү жана стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого багытталат. Документ Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү.

Ерулан Жамаубаев, Премьер-министрдин орун басары, каржы министри:
- Бюджеттик чыгымдардын дагы бир маанилүү чөйрөсү аймактарды өнүктүрүү болуп саналат. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 7 триллион теңгеден ашык, башкача айтканда, бюджеттин жалпы чыгашаларынын 30%га жакыны каралган. 120 миллиард теңге кайра иштетүү өнөр жайындагы ири долбоорлорду каржылоого бөлүнөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков