Казакстан-Индонезия: Эки тараптуу туристтердин агымы өсөт

Индонезия Казакстандан литий жана кобальт минералдарын импорттоого ниеттенүүдө. Аталган өлкөнүн элчиси Мохамад Фаджрул биздин каналга берген маегинде бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Дипломат Түштүк Азия өлкөсү Казакстандын мунай-газ тармагына инвестиция салууга кызыктар экенин билдирди. Учурда Казакстандын ферро эритмелери Индонезияга экспорттолуп жатат. Башкача айтканда, жеткирүү жагы жолго коюлган. Эми жаңы тоо-кен өнүмдөрүн ташууга мүмкүндүк берүүчү атайын келишимге кол коюу зарыл.

Мохамад Фаджрул Рахман, Индонезиянын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси:
- Ушул айда Индонезиянын Энергетика министрлиги иш сапары менен Казакстанга барды. Ошондой эле, бул жаатта кызматташууга кызыктар ишкерлер келишти. Алар жергиликтүү Энергетика министрлиги жана жаратылыш ресурстарына жооптуу адамдар менен жыйын өткөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өз ара меморандумга кол коюп, ишти ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында баштоо белгиленди.

Ошондой эле, келерки жылдын биринчи чейрегинде эки өлкө өз ара туризм боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюуну пландоодо. Максат - эки тараптуу туристтердин агымын эки эсеге көбөйтүү. Индонезияга баруучу казакстандыктардын санын жылына 15 миңге, Казакстанга келүүчү индонезиялыктардын санын 5 миңге жеткирүү пландаштырылууда. Кызматташтыкты арттыруу максатында Алматыдан Джакартага же Бали аралдарына түз авиакаттам ачуу менен визасыз режимге кайтуу каралып жатат.

Мохамад Фаджрул Рахман, Индонезиянын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси:
- Биздин өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачсак, бул эки тараптуу туристтердин агымын көбөйтүп, Индонезиядан Казакстанга импорттун көлөмүн арттырат. Маселен, Индонезиядан үй эмеректерин, кездемелерди, балык азыктарын жеткирсе болот, ал эми казакстандык өнүмдөрдүн экспорттук дарамети жогорулайт. Мунун натыйжасында өлкөлөрүбүздүн товар жүгүртүүсүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстан менен Индонезиянын ортосундагы соода жүгүртүү 700 миллион долларды түзгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков