Жазында 255 калктуу-конуштарды суу капташы мүмкүн

Жазында 255 калктуу-конуштарды суу капташы мүмкүн

Казакстанда 127 миңден ашык үй жана 700 миңден ашык калкы бар 255 калктуу конуш суу астында калышы мүмкүн. Өлкөнүн өкмөтү жаан-чачындуу мезгилге карата даярдыктарды күчөттү. Бул көйгөй өзгөчө түштүк аймактарда татаалдашат. Өлкөнүн чыгышын да сел капташы мүмкүн. Синоптиктер жалган куран айында бул аймактарда аба ырайы жана жаан-чачын нормадан жогору болорун болжолдоп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министри суу ташкындарына тиешелүү мекемелер, куткаруу кызматтары жана атайын техникалар даяр турат деп ишендирди. Алдын алуу иштери күчөтүлдү. Калктуу конуштарда убактылуу дамбалар курулган. Миллиондогон чарчы метр кар тазаланды, миңдеген чакырым арыктар жана суу өткөрүү курулуштары да даяр.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар жана администрациялар менен биргеликте «Жаз-2023» республикалык окуу-машыгуу чараларынын алкагында сел коркунучу болгон учурда конкреттүү иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу, жардыргыч заттардын жана инерттүү материалдардын зарыл корлорун даярдап, кабарлоо системаларынын даярдыгын текшерүү. Кошумча күчтөр жана каражаттар тартыла турган жерлерди, эвакуациялануучу калкты кабыл алуу пункттарын, айыл чарба жаныбарларын көчүрүү үчүн коопсуз аймактарды аныктоо зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков