Кенесары хандын Орус падышачылыгына жазган каттары, Мустафа Чокайдын өлкөдөн алыс жүргөндөгү тарапкерлерине жазган каттары. Көпчүлүктүн көз жаздымында калган ушул жана башка баалуу маалыматтар «Мекенге кайткан даректүү казына» жыйнагына киргизилди. Эки томдук эмгекте казак акындарынын чет жерде калып, эч жерде жарыяланбаган ырлары, поэмалары, элибиздин өткөнүн ачып берген фотосүрөттөрү басылган. Орусиянын, Түркиянын, Татарстандын, Румыниянын, Чехиянын, Польшанын архивдеринен жүздөн ашык тарыхый документтер табылган. Байыркы чагатай, латын жана чет тилдердеги түп нускалар менен катар казак тилиндеги эски жазуулардын транскрипциясы берилген.
Абуаскар Мекеш уулу, Казакстандын Улуттук архивинин басма жана полиграфия бөлүмүнүн башчысы:
Быйыл Архив-20-25 комплекстүү программасы боюнча көптөгөн өлкөлөрдө болдук. Улуттук архивдин кызматкерлери эле эмес, өлкөнүн бардык архивдеринин кызматкерлери да көптөгөн чет мамлекеттерге барып, улуттук фондубузга чоң байлыктарды алып келишти десек болот. Эми аларды изилдеп, жакынкы жылдарда үчүнчү, төртүнчү томдорун чыгарууну пландап жатабыз.
Дагы бир жыйнак белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу, түрколог жана адабият таануучу Ахмет Байтурсыновдун 150 жылдыгына арналды. Уникалдуу 12 томдукка ата мекендик изилдөөчүлөр барган бир катар чет мамлекеттердин архивдеринин фондуларынан чогултулган материалдар киргизилген. Эң негизгиси, казак агартуучусунун дээрлик бардык адабий мурасы чыгармада хронологиялык тартипте жайгаштырылган. Бул анын ырлары, макалалары, корреспонденциялары, рецензиялары, котормолору жана жазуулары.
Султан Хан Акк уулу, жыйнактын автору:
Бул 12 томдук басмага Ахмет Байтурсыновдун буга чейин жарык көрбөгөн чыгармалары кирген. Мисалы, дыйкандар жөнүндөгү чыгарма. Кол жазмалар борбордук архивде, ошондой эле Алматы шаардык китепканасынын фондунда сакталып турган. Азыркы Костанай областынын архивинен Ахмет Байтурсыновдун 1895-1896-жылдары «Торгай гезитине» жарыяланган бир нече макалалары, ошондой эле Ахмет Байтурсынов менен Мыржакып Дулатовдун «Биздин жооп» деген макаласында Алаш ордо элин коргоп берген жообу, 1917-жылы жарык көргөн китептери сакталып калган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков