Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин 2021-жылга карата кайрылуунун аткарылышы боюнча аралык жыйынтыгын чыгарды. Ал бардык иштер атайын 103 бөлүмдөн турган Улуттук пландын алкагында жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Кайрылууда коюлган милдеттердин басымдуу бөлүгү аткарылды, калганын ишке ашыруу президенттик аппараттын көзөмөлүндө.
«Минималдуу эмгек акынын өлчөмүн 60 миң теңге деп бекитүү жана аны салык, социалдык жана башка тармактарда эсептөө көрсөткүчү катары алып салуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. 2025-жылдын аягына чейин 1000ден кем эмес мектеп куруу боюнча жол картасы бекитилди. Турак жай маселесин чечүү үчүн «Нурлы жер» программасынын алкагында «Отбасы Банк» аркылуу жалпы суммасы 230 миллиард теңгеге 20 миңден ашык насыя жеңилдетилген шартта берилди».
Эске сала кетсек, аяк оона айынын 1де мамлекет башчысы Казакстан элине кезектеги кайрылуусун жарыялайт. Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жакынкы келечектеги негизги артыкчылыктары аныкталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков