Казакстанда бүгүнкү күндө согуштун 114 ардагери жашайт. Алардын 9у
Түркестан облусунда, бирөө Кентауда. Бадан Төребаев 1944-жылы 18 жашында
фронтко аттанган. Ал, Беларусь
жана Украинадагы салгылашууларга катышып, Берлинде жеңишке жетишкен. Үйүнө
кайтып келгенде Кентау шаарындагы «Мыргалымсай»
шахтасында көпкө иштеген. Фронтовиктин эки уулу жана үч кызы, көптөгөн
неберелери жана чөбөрөлөрү бар. Бирок балдары Жеңиштин
канчалык оңой болбогону жөнүндөгү окуяларын дайыма эстешет. Азыр Бадан Төребаев
100 жашта, ардагер тынчтык мезгилин ар дайым баалоого
чакырат. Ал
эң негизги байлык - бул ачык асман экенине ишенет.
Айжан Төребаева,
ардагердин келини:
- Баары биздин баатыр чоң атабызды абдан сыйлашат. Көңүлүңүздөр үчүн абдан ыраазыбыз. Биздин шаарда ардагерлердин үйү бар. Ошол жерден бизге да келишет. Чоң атамдын акыбалы жакшыбы деп кызыгышат. Чоң атабыз айылда таза абада чоңойгон, ошондуктан дагы деле күчтүү. Биз ага кам көрөбүз жана анын узак өмүр сүрүшүн каалайбыз.
Которгон: Сезим Шейшеналиева

