Социалдык камсыздоо маселелери боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет

Социалдык камсыздоо маселелери боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет

Казакстанда социалдык тейлөө модели жаңыланат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Тамара Дүйсенова мамлекет башчынын кабыл алуусунда билдирди. Президентке Казакстандагы ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун жогорулатууга жана ишке орношуунун ийгиликтүү болушуна шарт түзүүгө багытталган жаңы социалдык саясатты түзүүнүн жолдору сунушталды - деп билдирет Акорда. Тамара Дүйсенова пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык кодексти иштеп чыгуу маселелери боюнча баяндама жасады. Президент геосаясий кырдаалдын өзгөрүшүн, эмгек рыногуна басымдын күчөшүн эске алуу менен иштелип чыккан миграциялык саясатты өнүктүрүү планы менен таанышты.

Тамара Дүйсенова, Казакстандын эмгек жана социалдык жактан коргоо министри:

– Бүгүн биз президентке социалдык кодексти даярдоонун жүрүшү тууралуу баяндап бердик. Учурда 80ден ашык кодекске жана мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Негизги көйгөй — казакстандык үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртуу. Ошондуктан азыркы жасалып жаткан мыйзамдарга казакстандык үй-бүлөлөрдүн санариптик картасын түзүүгө, жаштарды ишке орноштурууга, социалдык камсыздоо маселесин, ички жана тышкы миграциялык саясатты мындан ары тереңдетүүгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизели деп жатабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков