Интернет шылуундарды аныктаган уникалдуу система

Интернет шылуундарды аныктаган уникалдуу система

Казакстанда фейк сайттарды жана тиркемелерди бөгөттөөчү стартап пайда болду. Мындай системаны ата мекендик жаш окумуштуулар интернетте оңой олжого кызыккан шылуундардын арам иштери менен күрөшүү үчүн ойлоп табышкан. Нейрондук желе негизинде түзүлгөн программалык камсыздоо веб-сайттын жардамы менен иштейт. Иштеп чыгуучулардын айтымында, Казакстан менен АКШда патенттелген уникалдуу долбоордун азырынча дүйнөдө теңдеши жок.

Артур Нургожаев, стартапты түзүүчү компаниянын техникалык мүдүрү:

Алдамчылык ресурстар секунд сайын пайда болот. Өткөн аптада биз бөгөт койгон сайттын шилтемеси көчүрүлүп, бир гана тамга өзгөртүлүп, ал кайрадан системага киргизилди. Адам сайтты бөгөттөдүм болду деп өзгөргөнүн билбей калышы мүмкүн. Ал эми биздин система анын кайра жанданганын дароо аныктай алды.

Ойлоп табуу үч күндүк сынакта элдик IPOго байланыштуу бир гана улуттук компаниянын расмий сайтынын 16 фейк түрүн аныктады. Бир нече күндүн ичинде алардын торуна 10 миңден ашуун каттоочулар түшүп калышкан. Буга байланыштуу, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл интернет-алдамчылардын торуна түшкөн казакстандыктар 15 миллиард теңгесинен айрылган.

Жанна Акжанова, стартапты түзүү компаниянын башкы мүдүрү:

Биз ишкерлерге жардам берүү менен бирге укук коргоо органдарынын ишине да түрткү бере алабыз. Чынын айтсам, алар арыз ээлеринин өтүнүчтөрүн кароо менен гана чектелишет. Анткени, ал атайын система болбогондуктан алсыз. Ал эми биздин отчеттордо алдамчылардын чыныгы IP даректери көрсөтүлөт. Мунун негизинде ал маалыматты текшерип, алдамчынын изине түшө алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков