Чет элдиктер бешбармакты жакшы көрүшөт. Бешбармак чет элдик коноктордун арасында казактын эң популярдуу улуттук тамагы. Казакстандын туризм жана спорт министрлиги атамекендик туроператорлор менен биргеликте суроо-талапка ээ болгон алдыңкы 5 көрүнүштү түздү. Жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, казактардын сүйүктүү тамактарынын тизмесинде боорсок экинчи орунду ээледи. Казак бешбармагы сыяктуу эле, өлкөнүн ар бир аймагында ун азыктарынан өзгөчө жасоо тартиби бар. Ал эми анын арасынан - "боорсокту" туристтер көбүнчө азем белек катары ала кетишет. Серепчилер белгилегендей, дасторкондун ортосунан орун алган казы - жылкынын этинен жасалган үй колбасасы болуп саналат. Андан кийин Улуттук таттуулар келет – булар жент менен кызыл иримшик. Акыркысы болуп - таттуу быштак. Өлкөдө бул тамакты "казакстандык рафаэлло" деп да аташат. Статистикалык маалыматтарга таянсак, европалыктар жана КМШдан келген саякатчылар улуттук тамак-аштын чыныгы баалоочуларынын катарына кирет.
Казактын эң популярдуу 5 улуттук
тамагы
1.
Бешбармак
2.
Боорсок
3.
Казы
4.
Жент
5.
Кызыл
иримшик
Которгон: Илгиз Жамалбеков