Жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө 400 млрд теңге бөлүнөт

Казакстанда жазгы айдап себүү иштерине кошумча 400 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнөт. Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, аграрийлердин насыяларынын үстөк пайызы субсидияланат. Бул үчүн өкмөттүн резервинен 60 миллиард теңге каралат. Ал каражат агроөндүрүш багытындагы товарларды өндүрүүгө байланыштуу берилген насыяларды арзандатууга жана кепилдик берүүгө багытталат. Натыйжада чарбалар иштеткен бардык насыянын жылдык чени 5%ды түзөт. Кепилдик болбогон учурда жалпы сумманын 85% мамлекет тарабынан камсыз кылынууга мүмкүндүк пайда болот. Жалпысынан быйыл Казакстанда жеңилдетилген насыяга 180 миллиард теңге бөлүнгөн. Ошондой эле, айдап-себүү өнөктүгүн кошумча каржылоонун алкагында 200 миң тонна айыл чарба өсүмдүктөрүнө товардык насыя берүү программасы жүзөгө ашырыла баштады. Учурдагы негизги максат - жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү керек экенин тармактык министрлик билдирди.



Айхан Султан, Айыл чарба министрлигинин департамент мүдүрүнүн орун басары:

- Казакстандын тарыхында мындай абал биринчи жолу болуп жатат. Бул механизм биринчи жолу ишке ашырылат. Пайыздык чендин ордун толтурууга арналган субсидия түз каржы институттарына төлөнүп, фермерлер таза 5% насыя алышат. Ошентип, биз каржылоону 580 миллиард теңгеге жеткиребиз. Бул жазгы айдап себүү өнөктүгүн каржылоо болуп саналат. Субсидиялоого келсек, үрөн минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын сатып алууга жана кайра иштетүүгө жөнөтүү кезинде каражат алууга багытталат. Муну менен катар, биз суу берүү учурунда да каражат бөлөбүз. Мунун баары дыйкандардын эмгегин жеңилдетүү максатында жасалып жатат. Мамлекеттик колдоонун жаңычылдыктарына келсек, жалган куран айынын ортосунан баштап минералдык жер семирткичтерди алдын ала каржылоо системасы ишке кирди. Бул өздүк нарктын 60%ын өндүрүүчү заводго беребиз дегенди билдирет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков