Жаңы Конституция аймактардын өнүгүшүнө түрткү берет

Жаңы Конституция аймактардын өнүгүшүнө түрткү берет

Жаңы Конституция - региондордун өнүгүүсүнө түрткү берет. Мындай пикирин жалпы улуттук коалициянын курамы менен Түндүк Казакстан облусуна барган Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев аймактын тургундары менен жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, документ азыркы глобалдык өзгөрүүлөргө жана жаңы чакырыктарга жооп берип, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө негиз болмокчу. Ошондой эле Жогорку Палатанын спикери региондогу ишканалардын эмгек жамааттары менен да жолугушту. Анда жаңы документ ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүп, атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы калыптандырууга жол ачарын айтты. Сенаттын төрагасы жаштар менен да жолугушуп, реформалар жаш муунга өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Маулен Ашимбаев парламент сенатынын төрагасы:

Жаңы Конституциянын долбоорунда «Мыйзам жана тартип» принцибине өзгөчө маани берилүүдө. Жарандардын кызыкчылыктарын, укуктарын коргоо жана туруктуу өнүгүү багыты да башкы көңүлдө. Билим берүү, илим, инновация жана маданият өлкөбүздүн артыкчылыктары катары аныкталды. Конституциялык реформа аймактарды өнүктүрүүнүн институционалдык негизин да калыптандырат. Атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүүгө, улуттук байлыктын элдин жыргалчылыгына жумшалышын камсыз кылууга чоң көңүл бурулган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков