Казакстандын президенти Матиас Корманн менен жолугушту

Боао Азия форумунун алкагында Касым-Жомарт Токаев Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун башкы катчысы Матиас Корманн менен жолугушту. Мамлекет башчысы Казакстан уюм менен кызматташууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Өлкө өзүнүн экономикалык саясатын ЭКӨУ жогорку стандарттарына шайкеш келтирүүнү максат кылууда. Казакстан бир катар маанилүү документтерге кол койгон жана азыр уюмдун башка милдеттүү укуктук документтерине кошулуу боюнча иштер жүрүп жатат. Касым-Жомарт Токаев Казакстанда ЭКӨУнун аймактык кеңсесин ачуу боюнча ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде Матиас Корманн Уюмдун Азия өлкөлөрү, анын ичинде Казакстан менен ар тараптуу кызматташууну бекемдөөгө умтулуусун ырастады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков