Казакстандын Екибастуз шаарында ферроэритме, болот жана темир өндүрүүчү заводдор курулат. Ошону менен бирге, 75 миллиард теңге инвестиция салына турган локомотивдерге арналган бандаждарды өндүрүү долбоору башталат. Өлкө өкмөтүндө моношаарларды өнүктүрүү маселеси каралды. Жыйында өлкөдөгү мындай кичи шаарлардагы ири ишканалардын айланасында кичи ишканалардын тилкесин түзүү жана алар менен узак мөөнөттүү оффтейк келишимдерин түзүү милдети мыйзам менен бекитилери айтылды. Белгилей кетсек, буга чейин бул иш коомдук башталышта жүргүзүлүп келген. Учурда бул жаатта ири кардарлар менен ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ортосунда 24,5 миллиард теңгеге 20 узак мөөнөттүү келишим жана 47,3 миллиард теңгеге 13 оффтейк-келишим түзүлгөн. Ошондой эле, Алтай, Балкаш, Житикара, Лисаков, Риддер, Степногорск шаарларын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга арналган комплекстүү пландары бекитилди. Жалпысынан быйылкы жылы өлкөдөгү моношаарларды жакшыртууга 63 миллиард теңгеге жакын каражат багытталат.
Нурлан Байбазаров, Премьер-министрдин орун басары - Улуттук экономика министри:
- Азыркы учурда Казакстанда 1 миллион 400 миң калкы бар 20 моношаар бар. Белгилей кетсек, моношаарлар өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүнө чоң салым кошуп жатат. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 40 пайызы ушул шаарларга таандык. Шаар куруучу ишканалардын болушу жана алардын туруктуу иштеши моношаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө моношаарларда мунай жана газ, көмүр, боксит, темир кендерин өндүрүү жана башка багыттар боюнча 23 шаар түзүүчү ишкана иштейт.
Моношаарларды өнүктүрүүгө кошумча инвестиция тартуу максатында геология тармагында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгынын негизинде моношаарлардын жанынан болжолдуу наркы 1 триллион теңгеге ресурстар табылды. Келечектүү участоктор Абай, Курчатов, Балкаш жана Алтай шаарларына жакын жайгашкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков