Актаудагы авиа кырсык: учактын «кара кутучасы» Бразилияга жөнөтүлөт

Актаудагы авиа кырсык: учактын «кара кутучасы» Бразилияга жөнөтүлөт

Азербайжандын авиакомпаниясынын учагынын «кара кутучасы» азербайжандык адистердин катышуусунда Бразилияда чечмеленет. Казакстандын Транспорт министрлиги учактарды каттоочу аппараттар Авиакырсыктарды иликтөө жана алдын алуу борборуна жөнөтүлөрүн билдирди. Мындай чечим Казакстан 1992-жылы ратификациялаган Чикаго конвенциясына ылайык кабыл алынды. Мындан тышкары, Актауга ИКАОнун башкы катчысынын тапшырмасы менен катталган байкоочу, авиациялык кырсыкты иликтөө бөлүмүнүн башчысы келди. Эл аралык уюм Казакстандын авиациялык бийлигинин иликтөө иштерин жүргүзүүсүн жана кызыкдар мамлекеттердин катышуусундагы аракеттерин жогору баалады. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков