Казакстанда энергетика тармагын санариптештирүү жүрүп жатат

Казакстанда энергетика тармагын санариптештирүү жүрүп жатат

Казакстанда энергетика тармагын санариптештирүү боюнча масштабдуу иштер башталды. Өлкөдө электр энергиясын өндүрүүчү объектилерге онлайн мониторинг жүргүзүү системасы киргизилет. Жаңы технологиянын аркасында техникалык көрсөткүчтөр ар 15 мүнөт сайын реалдуу убакытта жаңыланып турат. Ошондой эле, энергетика жана коммуналдык секторлорду модернизациялоо боюнча улуттук долбоордун алкагында төрт жылдын ичинде электр менен камсыздоо объектилерине 4 миллион «акылдуу» эсептегич орнотуу пландаштырылууда. Бул чыгымдарды кыскартууга жана болжол менен 57 миллиард теңге үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, деп эсептешет тиешелүү мекеме. Негизги элемент болуп отун-энергетикалык комплексти башкаруунун бирдиктүү мамлекеттик платформасын - EnergyTech түзүү болуп саналат. Өлкөдө мунай өнүмдөрүнө санариптик көзөмөл киргизилип жатат. Мунайды, газ конденсатын, чийки жана товардык газды эсепке алуучу «Oil Track» системасында 325 мунай базасы катталган.


Бакытжан Ильяс, Казакстан Республикасынын энергетика вице-министри:


- Ата мекендик IT-иштеп чыгуучуларды колдоо максатында тармакта AI чечимдери бар глобалдык вендорлордун жана IT-компаниялардын AI-альянсы түзүлдү. Министрликтер менен Астана хабдын резиденттеринин ортосунда пилоттук долбоордун алкагында тармакта AI чечимдерин биргелешип сыноо жана киргизүү боюнча 15тен ашык түрдүү меморандумга кол коюлду. Ушул жылы жасалма интеллект менен 2 долбоор ийгиликтүү пилоттук сыноодон өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков