Шымкенттин ички аймактык өнүмдөрүнүн көлөмү өткөн жылы 11% өсүп, 5,5 триллион теңгеден ашты. Экономиканын өсүү темпи боюнча шаар өлкөнүн бардык аймактарынын ичинен экинчи орунду ээледи. Мегаполистин өнүгүүсү тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаевге аким Габит Сыздыкбеков маалымдады. Өткөн жылы шаардын экономикасына 859 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылды. Ал эми акыркы үч жылда өнөр жай тармагында 170 миллиард теңгеге 50 долбоор ишке ашырылган. Шымкентте ишкерлердин саны да көбөйүп, алардын шаар экономикасына кошкон салымы бир топ жогорулады. Жалпысынан өнөр жай, курулуш, соода жана транспорт тармактарында өсүш байкалды. Мамлекет башчысы Шымкентти мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

