Жайкы Сурдлимпиаданын байге ээлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Жайкы Сурдлимпиаданын байге ээлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Бүгүн Астанада XXV жайкы Сурдлимпиада оюндарына катышкан спортчулар сыйланды. Олжас Бектенов Президенттин атынан беделдүү мелдештин жеңүүчүлөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Аталган дүйнөлүк оюндарга 81 мамлекеттен 3 миңге жакын спортчу катышты. Казакстандын Улуттук курамасы дүйнөлүк деңгээлдеги жарышта жалпы командалык эсепте 9-орунду ээледи. Ата мекендик спортчулар Токиодогу жайкы Сурдлимпиада оюндарында сегиз спорт түрүнөн өлкө намысын коргоп, 8 алтын, 4 күмүш жана 13 коло – бардыгы 25 медаль жеңип алды. Премьер-министр Олжас Бектенов спортчуларды колдоо Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Улуттук курамага, анын адистерине жана машыктыруучулар курамына жеңишке жетүү жолунда туруктуулук менен эрк-жигердин үлгүсүн көрсөткөн натыйжалуу иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Олжас Бектенов, Казакстан премьер-министри:

- Сурдо дзюдочуларынын жетишкендиктерин өзгөчө белгилеп кетким келет. Алардын жогорку деңгээлде өнөр көрсөтүүсү Казакстанга 11 медаль алып келди жана Сурдлимпиада оюндарынын жаркын жетишкендиктеринин бири болду. Бул жыйынтыктар спортчуларды даярдоонун жогорку деңгээли жана алардын өтө маанилүү спорттук сыноолор менен ийгиликтүү күрөшүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт. Өкмөт өз кезегинде кесиптик жана массалык спортту өнүктүрүү, спортчуларды колдоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков