Казакстандын жамбы атуу боюнча улуттук курама командасынын акыркы даярдыктары

Алматы облусунда Казакстандын жамбы атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында өнөрлөрүн арттырууда. Мелдеште өлкө намысын 4 спортчу көрсөтөт. Алардын бири-Түркестан облусунун тургуну Батыр Бексауыт. Ал улуттук курама командасынын бардык мүчөлөрүнөн жаш, бирок ал сыймыктана турган нерсе. Өткөн жылы жигит Монголияда өткөн Дүйнө чемпионатында «алтын» медалга ээ болгон. Ошондой эле башка эл аралык мелдештерге катышкан.


Батыр Бексауыт, Казакстандын жамбы атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү:


- Колубуздан келишинче даярдануудабыз. Бешинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна болгон жоопкерчилик чоң жарыш экенин баарыбыз сезип жатабыз. Биз чемпион болууну, Казакстандын желегин көтөрүүнү жана өлкөнүн гимни жаңырышын кыялданабыз.


Спортчулар мыкты формада жана мелдешке толук даяр экендиктерин моюнга алышат. Азыр алардын ар бир сааты белгиленген. Түшкү тамакка чейин физикалык машыгуу, андан кийин ат минүү. Мындай жогорку ритм, башкы машыктыруучунун айтымында, спорттун ушул түрүндөгү атаандаштыктын жогорку деңгээлине байланыштуу.


Елдос Бадашев, Казакстандын жамбы  атуу боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу:


- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 27 өлкөдөн 80ге жуук спортчу катышат. Мелдештер абдан кызыктуу болот. Бул спорт башка мамлекеттерде да абдан өнүккөн. Рейтингдеги упайлар боюнча биздин жаачылар алдыңкы ондукка кирет деп айта алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков