Италиядагы Олимпиадада сенсациялык ийгиликке жеткенден кийин казакстандык Михаил Шайдоров Эл аралык коньки тебүүчүлөр союзунун рейтингинде дүйнөнүн эң мыкты үч фигуристинин катарына кирди. Эскерте кетсек, ал 2026-жылкы Олимпиада оюндарында Казакстанга алтын медаль алып келип, эркектер арасындагы жалгыз коньки тебүү боюнча тарыхый жеңишке жетти. Кыска программадан кийин ал бешинчи орунду ээлеген, ал эми эркин программада тобокелге салып, жарыяланган төрт жолу секирүүнүн ордуна беш жолу секирик жасаган. Президент Касым-Жомарт Токаев Михаил Шайдоровду чемпиондук титулу менен куттуктады.
Михаил Шайдоров,
Олимпиада чемпиону:
- Олимпиада
оюндарында мага күйөрмандык кылган бардык казакстандыктарга чоң рахмат. Өзгөчө
Мамлекет башчысына көрсөткөн зор колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Ушундай
кырдаалда жанымда болгон бардык тиешелүү адамдарга, бардык адистерге,
машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем. Трибуналарда, экрандардын алдында
отурган, социалдык тармактарда пост жазган, көптөгөн мемдерди жараткан бардык
казакстандыктарга, бардык күйөрмандарга өзгөчө рахмат айтам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

