V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү

Касым-Жомарт Токаев V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы «Астана арена» стадионунда болду. Дал ушул жерде эл аралык мелдештердин ачылыш аземи өтөт. Оюндарга даярдыктын алкагында спорт объектисинде жабдуулар жаңыртылып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Астана арена 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Андан ары Касым – Жомарт Токаев ошондой эле аккредитациялык борборду карап чыкты-ал Qazaqstan жеңил атлетика комплексинде жайгашкан. Президентке көчмөндөр оюндарына  катышуу үчүн улуттук курама команданын формасы сунушталды. Ал эми туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев спортчулардын өздөрүнүн даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Ермек Маржикпаев, Казакстандын Туризм жана спорт министри:

– Улуттук курама команданын даярдыгы жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 295 спортчубуз даярданууда. Алар 42 эл аралык жана республикалык окуу-машыгуу жыйындарынан өтүштү. 5 чет өлкөдө, 37 биздин өлкөдө. Алардын 32 турнири бар болчу, 7 чет өлкөдө, 25 биздин өлкөдө.

Мамлекет башчысы ошондой эле «Казанат» ипподромуна барды. Анда ат спорту боюнча оюн-зоок мелдештери өтөт. Президент жаа атуу жана тыйын эңмей мелдештери үчүн аянтчаны карап чыкты. Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндары Казакстандын борборунда аяк оона айынын 8и 13ү  күндөрү өтөт. Ага 3 миңге жакын спортчу жана дүйнөнүн 89 өлкөсүнөн келген расмий делегация мүчөлөрү катышат. Болжолдоолорго ылайык, борбор калаага 100 миңге жакын турист келиши мүмкүн. Аларга жана башка оюн конокторуна ыктыярчылар жардам беришет. Спорттук мелдешке бир жарым миң ыктыярчы тартылган. Ошондой эле, маданий иш-чаралардын алкагында борбор калаада 150 иш-чара даярдалды. 

Этно айылдын аймагында көчмөн цивилизациясынын музейи, кол өнөрчүлөрдүн шаары жана айкелдердин көргөзмөсү уюштурулуп, Улуттук музейде номаддарга арналган эл аралык конференция өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков