Казакстан тайган породасынын ээси деген расмий макамга ээ болду. Мындай чечимди Эл аралык кинология федерациясынын башкы комитети кабыл алды. Ошондой эле, казак тайганын ит породасы катары расмий таануу боюнча алдын ала чечим чыкты. Бул -калк жети казына баалаган породаны эл аралык деңгээлде таанытганга чейинки негизги жана акыркы этап. Жакынкы 10 жылдын ичинде өлкөдө иттердин ден соолугу текшерилип, жаңыдан туулган тайган күчүктөрүнүн статистикасы жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, жыйынтыкка жетишүү үчүн Казакстан кинологдор союзу Эл аралык федерациянын бардык талаптарын аткарды. Кеңири генетикалык жана медициналык изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Бауыржан Сериккали, Казакстан кинологдору биримдигинин президенти:
– Бул маселелерди көзөмөлдөгөн эл аралык комиссия казак тайгандарынын уникалдуу өз алдынча порода экенине ынанды. Башка өлкөлөрдүн башка кинологиялык уюмдары бул породаны өздөрүнө беките албайт дегенди билдирет. Ал Казакстан үчүн гана бекитилген. Бул чындыгында биз үчүн маанилүү окуя жана чоң жетишкендик.
Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен 2022-жылдан тарта казак итинин породаларын сактоо, ошондой эле эл аралык деңгээлде жайылтуу маселеси колго алынды. Бул аралыкта тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, тайгандардын стандарты бекитилип, илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, иттердин сынактары жана көргөзмөлөрү өткөрүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков